IAD Index of Academic Documents
  • Home Page
  • About
    • About Izmir Academy Association
    • About IAD Index
    • IAD Team
    • IAD Logos and Links
    • Policies
    • Contact
  • Submit A Journal
  • Submit A Conference
  • Submit Paper/Book
    • Submit a Preprint
    • Submit a Book
  • Contact
  • Uluslararası Medeniyet Çalışmaları Dergisi
  • Volume:8 Issue:1
  • Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бейтаптардын канааттануусу: Бишкек шаарынын мисалында...

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бейтаптардын канааттануусу: Бишкек шаарынын мисалында

Authors : Turdukan KIŞTOOBAYEVA, Kasım BAYNAL
Pages : 105-117
Doi:10.58648/inciss.1292257
View : 49 | Download : 83
Publication Date : 2023-05-30
Article Type : Research Paper
Abstract :Саламаттыкты сактоо кызматы элдин нааразычылыгын жаратпастан ишке ашырылышы керек болгон маанилүү кызмат чөйрөсү болуп эсептелет. Калктын медициналык тейлөөнүн сапатынан канааттануусу медициналык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун айгинелейт. Изилдөөнүн максаты үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылган бейтаптардын көрсөтүлгөн кызмат сапатынан күтүүлөрү жана кабылдоолорунун ортосундагы айырмачылыкты, б.а. тейлөө сапатынан канаттануу даражасын белгилөө болуп саналат. Изилдөө Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынын 4 районунда жайгашкан үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлгөн. Бул медицина борборлоруна кайрылган бейтаптардан маалыматты чогултуу үчүн тейлөө тармагындагы эң кенири тараган SERVQUAL ыкмасына ылайык сурамжылоо формасы түзүлгөн. SERVQUAL ыкмасы 5 фактордон: материалдык баалуулуктар, ишенимдүүлүк, энтузиазм, кепилдик жана эмпатиядан турат. Сурамжылоого жалпысынан 380 киши катышкан. Алынган маалыматтар SPSS.22 статистикалык программасы менен иштелип чыккан. Жыйынтыгында идеалдуу абал менен үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тейлөө сапатынын учурдагы абалы ортосунда чоң айырмачылык аныкталган. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун сурамжылоо формасындагы бардык өлчөмдөргө карата бейтаптардын күтүүлөрүн толук канааттандыра албай тургандыгы белгилүү болгон. Айрыкча материалдык баалуулуктар жана кепилдик боюнча бейтаптардын канааттандырбагандыгы аныкталды.
Keywords : Кызмат көрсөтүүнүн сапаты, үй бүлөлүк медицина борбору, SERVQUAL, бейтаптын канааттануусу

ORIGINAL ARTICLE URL
VIEW PAPER (PDF)

* There may have been changes in the journal, article,conference, book, preprint etc. informations. Therefore, it would be appropriate to follow the information on the official page of the source. The information here is shared for informational purposes. IAD is not responsible for incorrect or missing information.


Index of Academic Documents
İzmir Academy Association
CopyRight © 2023-2025