IAD Index of Academic Documents
  • Home Page
  • About
    • About Izmir Academy Association
    • About IAD Index
    • IAD Team
    • IAD Logos and Links
    • Policies
    • Contact
  • Submit A Journal
  • Submit A Conference
  • Submit Paper/Book
    • Submit a Preprint
    • Submit a Book
  • Contact
  • Manas Journal of Agriculture Veterinary and Life Sciences
  • Volume:14 Issue:2
  • Тооктун жөжөлөрүнүн дене салмагына, канынын гематологиялык жана биохимиялык көрсөткүчтөрүнө пияздын ...

Тооктун жөжөлөрүнүн дене салмагына, канынын гематологиялык жана биохимиялык көрсөткүчтөрүнө пияздын (Allium cepa L.), сарымсактын (Allium sativum L.) жана кызыл калемпирдин (Capsicum annuum L.) таасири

Authors : Nurbek Aldayarov, Askarbek Tulobaev
Pages : 210-218
Doi:10.53518/mjavl.1498609
View : 10 | Download : 11
Publication Date : 2024-12-25
Article Type : Research Paper
Abstract :Тооктун жөжөлөрүнүн дене салмагына, гематологиялык жана биохимиялык көрсөткүчтөрүнө Allium cepa L., Allium sativum L. жана Capsicum annuum L. тийгизген таасирин илимий негиздөө. Тажрыйбалык иштер үчүн бир айлык 48 баш тоок жөжөлөрү алынып, 12 баштан төрт топко бөлүндү. Биринчиси контролдук, экинчиси – сарымсак, үчүнчүсү – пияз жана төртүнчүсүнө ачуу кызыл калемпир берилүүчү топтор уюшулду. Үй куштарын кармоо, тоюттандыруу кабыл алынган эрежелерге шайкеш аткарылды. Ар бир жуманын аягында жөжөлөрдүн тирүүлөй салмактары алынып турду. Тажрыйбалык иш 42 күнгө созулду. Гематологиялык жана биохимиялык изилдөөлөр үчүн 43-күнү бардыгынан, эрежелерди сактоо менен, кан алынды. Сандык маалыматтар SPSS (23.0) программасы аркылуу статистикалык талданды. Изилдөөлөр тоок жөжөлөрүнүн салмактык өсүп-өнүгүүсүнө – пияздын, сарымсактын жана ачуу кызыл калемпирдин таасири бар экенин далилдеп, алар статистикалык маанилүү экендиги көрсөттү. Гематологиялык көрсөткүчтөрү манилүү өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок. Бирок, АЛТ, АСТ, жалпы биллирубин жана жалпы белок сыяктуу кан сары суусунун биохимиялык көрсөткүчтөрү контролдук жана бардык тажрыйбалык топтордогу куштар арасында кескин айырмаланаары ачыкталды жана анын себептери белгиленди.
Keywords : үй куштары, тоок жөжөлөрү, пияз, сарымсак, ачуу кызыл калемпир

ORIGINAL ARTICLE URL
VIEW PAPER (PDF)

* There may have been changes in the journal, article,conference, book, preprint etc. informations. Therefore, it would be appropriate to follow the information on the official page of the source. The information here is shared for informational purposes. IAD is not responsible for incorrect or missing information.


Index of Academic Documents
İzmir Academy Association
CopyRight © 2023-2025