Journal article
Топоздордун (Bos grunniens) жүрүш-туруш актыларын изилдөөлөргө системалык сереп
Abstract
Максаты: Заманбап адабият булактарындагы топоздордун жүрүш-туруш актылары тууралуу илимий маалыматтарга баа берүү. Бул сереп, топоздордун жүрүш-туруш актыларын изилдөөчүлөр үчүн жаңы изилдөө багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү максатын дагы көздөйт. Материал жана ыкмалары: Макаланын темасы боюнча изилдөөлөрдүн деңгээлин тактоо жана бул багыттагы илимий көйгөй боюнча адабий булактарга сереп жүргүзүү максатында төмөндөгү иликтөө платформаларында, маалымат базаларында жана интернет ресурстарында иликтөөлөр жүргүзүлдү: Web of Science, Scopus, Google, eLIBRARY.RU, RSCI, Pubmed и Kyrlibnet. Сереп жүргүзүүдө Preferred Reporting Items for Systematic Reviews and Meta-Analyses колдонмосу пайдаланылды. Бул изилдөөдөгү маалыматтарды талдоодо сыпаттоо жана мазмунду талдоо ыкмалары колдонулду. Жыйынтык: Изилдөөлөрдө топоздордун таксономиялык статусу, топоздорду асыроо багыттары, топоздорду асыроо ареалы, топоздордун дүйнөдөгү саны, топоздордун тукумдары, топоздордун жергиликтүү аталыштары жана өңү-түсү, топоздордун жайыттагы жүрүш-туруш актылары жана жайыт пайдалануусу, жүрүш-туруш актыларына мониторинг жүргүзүү, топоздордун жеке өзгөчөлүктөрү жана эгоцентристик жүрүш-туруш актылары, топоздордун социалдык жүрүш-туруш актылары, топоздордун жыныстык жана ата-энелик жүрүш-туруш актылары тууралуу маалыматтар анализге алынып, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жайыттарын натыйжалуу колдонуу үчүн топоздорду жүрүш-туруш актыларын изилдөөнүн маанилүүлүгү аныкталды..
Keywords
70 views · 146 downloads
