Journal article

Developing Typical Template Portal for Educational Institutions in Kyrgyz Republic

Abstract

Маалымат Байланыш Технологияларын insert ignore into journalissuearticles values(МБТ); жана ачык тармактык ресурстарды колдонуу менен билим берүүнүн өнүгүү темпи жана келечеги өзгөрүүдө. Мектептин веб системи билим берүү мекемесинин башкаруу, ички жана сырткы персонал жана окуучулар арасындагы байланышуу жолдорун жеңилдетет. Ошондуктан Кыргызстандын билим берүү мекемелери үчүн типтүү сайттын шаблонун иштеп чыгуу маселеси эң маанилүү. Макалада маалымат системи, билим берүүнүн маалыматташуусу жана XXI кылымдын окуучусунун талаптары жөнүндө аныктамалар келтирилген. Изилдөө методунун негизинде Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү 100дөн ашуун билим берүү мекемелеринин веб сайттары техникалык жана маалыматтык камсыздоочу аспектинен анализденген. Жыйынтык катары мектеп сайтынын бирдиктүү түзүмү жана шаблону сунушталат

Keywords

Мектеп маалымат системи ММСбилим берүүнүн маалыматташуусумектеп веб сайт түзүмүвеб порталбирдиктүү шаблон

43 views · 8 downloads