Journal article

1930-жж. КЫРГЫЗСТАНДАН КЫТАЙГА ЭМИГРАЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛДАР

Abstract

Түркстандагы 1916-жылдагы Үркүн окуясында орус империясынын колониялык саясатына каршы көтөрүлүшкө чыккан кыргыздардын бир бөлүгү кошуна Кытайга жер которушуп, көп жоготууларга дуушар болушкандыгы маалым. Ал эми 1920-жылдарда Совет бийлиги тарабынан 1916-жылдагы качкындарды мекенине кайтаруу жана жайгаштыруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Бирок кайра ошол эле Совет бийлигине нааразы болгон чек арада жашаган айрым кыргыздардын өз ыктыяры менен 1930-жж. Кытайга көчүп кетишкендигин архив материалдары жана оозеки маалыматтар тастыктайт. Макалада 1930-жж. республикадагы эмиграциялык кыймылдардын саясий жана социалдык-экономикалык себептери анализденет, ошондой эле Совет өкмөтүнүн чек арадагы аймактарда бул абалды жөнгө салуу чаралары баяндалат.

Keywords

эмиграцияКыргызстанСовет бийлигиколлективизацияКытай

36 views · 16 downloads