Journal article

6-класс “Кыргыз тили” окуу китебин баалуулуктарды камтуу контекстинде анализдөө

Abstract

Бул изилдөөнүн максаты - 6-класстар үчүн “Кыргыз тили” окуу китебинде орун алган тексттерди Шварцтын баалуулуктар топтому таблицасына жараша талдоо болуп саналат. Маалыматтарды топтоодо сапаттык изилдөө методунун маалымат топтоо ыкмаларынын бири болгон документ анализи колдонулган. Изилдөөнүн маалыматтарын талдоодо дескриптивдүү анализ ыкмасы колдонулган. Бул контекстте 6-класс “Кыргыз тили” окуу китебиндеги 28 текст талдоого алынган. Тексттердеги баалуулук түшүнүктөрүн камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категориясына киргизилип, ар бир маанинин жыштыктары тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. Шварцтын баалуулуктар топтому: күч, ийгилик, гедонизм, стимуляция, өзүн-өзү башкаруу, универсализм, филантропия, каада-салт, адаптация insert ignore into journalissuearticles values(ылайыкташуу);, коопсуздук суб-бааллуктарынан турат. Изилдөөнүн жыйынтыгында, 6-класстар үчүн кыргыз тили окуу китебинде орун алган тексттерде Шварцтын баалуулуктар топтомундагы баалуулуктар 183 жолу эскерилгендиги аныкталган. Адаптация insert ignore into journalissuearticles values(ылайыкташуу);, универсализм, каада-салт жана коопсуздук баалуулуктары көбүрөөк, ал эми, стимуляция, күч жана гедонизм баалуулуктары азыраак камтылгандыгы аныкталган.

Keywords

EğitimKırgız diliders kitabıdeğerler

120 views · 65 downloads