IAD Index of Academic Documents
  • Home Page
  • About
    • About Izmir Academy Association
    • About IAD Index
    • IAD Team
    • IAD Logos and Links
    • Policies
    • Contact
  • Submit A Journal
  • Submit A Conference
  • Submit Paper/Book
    • Submit a Preprint
    • Submit a Book
  • Contact
  • MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi
  • Volume:14 Issue:1
  • Өспүрүмдөрдүн Кибер Зомбулукка Каршы Сезгичтик Деңгээлдерин Аныктоочу Шкаласын Иштеп Чыгуу...

Өспүрүмдөрдүн Кибер Зомбулукка Каршы Сезгичтик Деңгээлдерин Аныктоочу Шкаласын Иштеп Чыгуу

Authors : Mehmet Arif Özerbaş, Gulnur Ysmanova
Pages : 103-113
Doi:10.33206/mjss.1498801
View : 70 | Download : 60
Publication Date : 2025-01-15
Article Type : Research Paper
Abstract :Изилдөөнүн максаты өспүрүмдөрдүн кибер зомбулукка каршы сезгичтик деңгээлин аныктоо үчүн жарактуу жана ишенимдүү шкала иштеп чыгуу болуп саналат. Изилдөөнүн фокус-группасын 2023-2024-окуу жылында Бишкек шаарында мамлекеттик мектептердин 7, 8, 9, 10 жана 11-класстарында билим алган 451 окуучу түзгөн. Өспүрүмдөрдүн кибер зомбулукка каршы сезгичтик деңгээлин аныктоочу шкала иштеп чыгуу үчүн эки фокус группадан маалымат топтолгон. Биринчи фокус-группаны түзгөн 281 окуучудан алынган маалыматтар боюнча ачыктоочу фактордук анализ жана ички ырааттуулук анализи жасалган. Үч жумадан кийин экинчи фокус-группадан маалымат чогултулуп, тастыктоочу фактордук анализи жасалган. 16 пункттан турган шкала боюнча тастыктоочу фактордук анализи үчүн 170 окуучудан маалымат чогултулган. Ачыктоочу фактордук анализдин жыйынтыгында “Кибер зомбулукка каршы сезгичтик” шкаласында орун алган пункттар “Коргонуу”, “Адеп” жана “Маалыматтуулук” болуп 3 көмөкчү группага бөлүнгөн. Пункттардын фактордук жүктөрү .47 менен .80 арасында өзгөрөөрү аныкталган. Ал эми ишенимдүүлүк анализинин натыйжасында жалпы шкаланын ишенимдүүлүк деңгээли .73 болуп табылган. Тастыктоочу фактордук анализинин натыйжасында Хи-квадратынын (2) мааниси 181.98, ал эми эркиндик деңгээли (df) 98 болуп табылган. Хи-квадраты/эркиндик деңгээли 1.86 болуп аныкталып, эң сонун болгон көрсөткүчтү көрсөткөн. Шкаланын ылайыктуулук индекстери RMSEA:0.05 болуп эң сонун ылайыктуулук коэффициенттин, калган ылайыктуулук индекстери CFI:0.92, GFI:0.93, AGFI:0.90, IFI:0.92, TLI:0.90 түзүп, жакшы деңгээлдеги ылайыктуулукту көрсөткөн. Жасалган анализдердин жыйынтыгына таянып, иштелип чыккан шкала- өспүрүмдөрдүн кибер зомбулукка каршы сезгичтик деңгээлдерин аныктоодо колдонулуучу ишенимдүү жана жарактуу курал катары колдонула аларын айта алабыз.
Keywords : ölçek geliştirme, siber zorbalık, siber zorbalığa karşı duyarlılık, ölçek, güvenilirlik, geçerlilik

ORIGINAL ARTICLE URL
VIEW PAPER (PDF)

* There may have been changes in the journal, article,conference, book, preprint etc. informations. Therefore, it would be appropriate to follow the information on the official page of the source. The information here is shared for informational purposes. IAD is not responsible for incorrect or missing information.


Index of Academic Documents
İzmir Academy Association
CopyRight © 2023-2025