Journal article
Мугалимдердин жумуштан канааттануусу шкаласы: Валиддүүлүк жана ишенимдүүлүк деңгээлин аныктоо
Abstract
Бул изилдөөнүн максаты — мугалимдердин жумушунан канааттануу деңгээлин өлчөө үчүн кыргыз тилинде валиддүү жана ишенимдүү шкаланы иштеп чыгуу болуп саналат. Шкала иштеп чыгуу процессинде алгач тийиштүү адабияттар каралып чыгып, мугалимдердин жумуштан канааттануусун чагылдырган пункттар түзүлгөн, андан соң адистердин пикиринин негизинде мазмундук жарактуулугу бааланган. Алынган шкаланын алгачкы формасы эки өзүнчө үлгүдө сыноодон өткөрүлгөн. Биринчи үлгү менен жүргүзүлгөн эксплоративдик фактордук анализдин жыйынтыгында шкаланын ички жана тышкы канааттануу болуп бөлүнгөн эки факторлуу түзүлүшкө ээ экени аныкталган. Экинчи үлгүдө жүргүзүлгөн конфирмативдик фактордук анализдин жыйынтыктары бул түзүлүштүн маалыматтарга жакшы дал келерин көрсөткөн. Шкаланын ишенимдүүлүгү Кронбах альфа коэффициенти жана пункт- жалпы баа корреляциясы менен тастыкталган. Иштелип чыккан бул шкала — кыргыз тилинде билим берген мугалимдердин жумуштан канааттануу деңгээлдерин баалоого мүмкүнчүлүк берген алгачкы оригиналдуу өлчөө куралдарынын бири болуп эсептелет жана анын илимий изилдөөлөргө, билим берүү саясаттарына салым кошору күтүлөт.
Keywords
45 views · 14 downloads
