IAD Index of Academic Documents
  • Home Page
  • About
    • About Izmir Academy Association
    • About IAD Index
    • IAD Team
    • IAD Logos and Links
    • Policies
    • Contact
  • Submit A Journal
  • Submit A Conference
  • Submit Paper/Book
    • Submit a Preprint
    • Submit a Book
  • Contact
  • Manas Journal of Agriculture Veterinary and Life Sciences
  • Cilt: 15 Sayı: 2
  • Топоздордун (Bos grunniens) жүрүш-туруш актыларын изилдөөлөргө системалык сереп...

Топоздордун (Bos grunniens) жүрүш-туруш актыларын изилдөөлөргө системалык сереп

Authors : Askarbek Tulobaev, İsmail Şen, Hasan Hüseyin Ari, Nurbek Aldayarov, Ruslan Salıkov, Asel Dcalmagombetova
Pages : 321-336
Doi:10.53518/mjavl.1736485
View : 70 | Download : 146
Publication Date : 2025-12-25
Article Type : Review Paper
Abstract :Максаты: Заманбап адабият булактарындагы топоздордун жүрүш-туруш актылары тууралуу илимий маалыматтарга баа берүү. Бул сереп, топоздордун жүрүш-туруш актыларын изилдөөчүлөр үчүн жаңы изилдөө багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү максатын дагы көздөйт. Материал жана ыкмалары: Макаланын темасы боюнча изилдөөлөрдүн деңгээлин тактоо жана бул багыттагы илимий көйгөй боюнча адабий булактарга сереп жүргүзүү максатында төмөндөгү иликтөө платформаларында, маалымат базаларында жана интернет ресурстарында иликтөөлөр жүргүзүлдү: Web of Science, Scopus, Google, eLIBRARY.RU, RSCI, Pubmed и Kyrlibnet. Сереп жүргүзүүдө Preferred Reporting Items for Systematic Reviews and Meta-Analyses колдонмосу пайдаланылды. Бул изилдөөдөгү маалыматтарды талдоодо сыпаттоо жана мазмунду талдоо ыкмалары колдонулду. Жыйынтык: Изилдөөлөрдө топоздордун таксономиялык статусу, топоздорду асыроо багыттары, топоздорду асыроо ареалы, топоздордун дүйнөдөгү саны, топоздордун тукумдары, топоздордун жергиликтүү аталыштары жана өңү-түсү, топоздордун жайыттагы жүрүш-туруш актылары жана жайыт пайдалануусу, жүрүш-туруш актыларына мониторинг жүргүзүү, топоздордун жеке өзгөчөлүктөрү жана эгоцентристик жүрүш-туруш актылары, топоздордун социалдык жүрүш-туруш актылары, топоздордун жыныстык жана ата-энелик жүрүш-туруш актылары тууралуу маалыматтар анализге алынып, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жайыттарын натыйжалуу колдонуу үчүн топоздорду жүрүш-туруш актыларын изилдөөнүн маанилүүлүгү аныкталды..
Keywords : топоз, жүрүш-туруш, жайыт, жеке жүрүш-туруш, социалдык жүрүш-туруш

ORIGINAL ARTICLE URL

* There may have been changes in the journal, article,conference, book, preprint etc. informations. Therefore, it would be appropriate to follow the information on the official page of the source. The information here is shared for informational purposes. IAD is not responsible for incorrect or missing information.


Index of Academic Documents
İzmir Academy Association
CopyRight © 2023-2026