IAD Index of Academic Documents
  • Home Page
  • About
    • About Izmir Academy Association
    • About IAD Index
    • IAD Team
    • IAD Logos and Links
    • Policies
    • Contact
  • Submit A Journal
  • Submit A Conference
  • Submit Paper/Book
    • Submit a Preprint
    • Submit a Book
  • Contact
  • MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi
  • Cilt: 14 Sayı: Eğitim Bilimleri Ek Sayısı
  • Мугалимдердин жумуштан канааттануусу шкаласы: Валиддүүлүк жана ишенимдүүлүк деңгээлин аныктоо...

Мугалимдердин жумуштан канааттануусу шкаласы: Валиддүүлүк жана ишенимдүүлүк деңгээлин аныктоо

Authors : Argen Zhumgalbekov, Erkan Efıltı
Pages : 149-162
View : 32 | Download : 14
Publication Date : 2025-10-23
Article Type : Research Paper
Abstract :Бул изилдөөнүн максаты — мугалимдердин жумушунан канааттануу деңгээлин өлчөө үчүн кыргыз тилинде валиддүү жана ишенимдүү шкаланы иштеп чыгуу болуп саналат. Шкала иштеп чыгуу процессинде алгач тийиштүү адабияттар каралып чыгып, мугалимдердин жумуштан канааттануусун чагылдырган пункттар түзүлгөн, андан соң адистердин пикиринин негизинде мазмундук жарактуулугу бааланган. Алынган шкаланын алгачкы формасы эки өзүнчө үлгүдө сыноодон өткөрүлгөн. Биринчи үлгү менен жүргүзүлгөн эксплоративдик фактордук анализдин жыйынтыгында шкаланын ички жана тышкы канааттануу болуп бөлүнгөн эки факторлуу түзүлүшкө ээ экени аныкталган. Экинчи үлгүдө жүргүзүлгөн конфирмативдик фактордук анализдин жыйынтыктары бул түзүлүштүн маалыматтарга жакшы дал келерин көрсөткөн. Шкаланын ишенимдүүлүгү Кронбах альфа коэффициенти жана пункт- жалпы баа корреляциясы менен тастыкталган. Иштелип чыккан бул шкала — кыргыз тилинде билим берген мугалимдердин жумуштан канааттануу деңгээлдерин баалоого мүмкүнчүлүк берген алгачкы оригиналдуу өлчөө куралдарынын бири болуп эсептелет жана анын илимий изилдөөлөргө, билим берүү саясаттарына салым кошору күтүлөт.
Keywords : Teacher, job satisfaction, scale development, validity, reliability

ORIGINAL ARTICLE URL

* There may have been changes in the journal, article,conference, book, preprint etc. informations. Therefore, it would be appropriate to follow the information on the official page of the source. The information here is shared for informational purposes. IAD is not responsible for incorrect or missing information.


Index of Academic Documents
İzmir Academy Association
CopyRight © 2023-2026